Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

18:25 Баткенде кыргыз-тажик чектеш аймакта суу чатагын талкуулоо күтүлүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен районунун акими Дастан Ходжаев 15-августта маалымдады. Акимдин билдиргенине караганда, тажик тарап эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерди жана протоколдорду бузуп жатат. Белгилеп кетсек, 10-11-август күндөрү Ак-Сай айыл өкмөтү менен Тажикстандын Ворух жамааты чектеш жерде тажик атуулдары төрт чакырым кыргыз аймагына кирип, диаметри 300 мм. түтүктөр менен суу алып кетүү аракетин көрүшкөн. Учурда окуя болгон жерде тажикстандыктардын курулуш иштери токтотулган. Бүгүн 15-август күнү кечинде Баткен району менен Тажикстандын Исфара район жетекчилери ортосунда жолугушуусу башталаар алдында турат. Анда тараптар райондук деңгээлдеги маселелерди чечип, чек ара боюнча маселелерди расмий борборго жөнөтүшмөкчү. (SA)

XS
SM
MD
LG