Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

19:10 Ажибай Калмаматов Владикавказда осетин качкындардын абалы менен таанышууда


Жогорку Кеңештеги “Ак Жол” фракциясынын жетекчисинин орун басары Ажибай Калмаматов ушул тапта Орусиянын Владикавказ шаарында осетин качкындары жашаган жайларды КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү менен кыдырууда. А. Калмаматов “Азаттыктагы” маегинде ооруканада жаткандарды көрүп, орто кесиптик окуу жайлардын имаратында, мектептерде, чиркөөдө жайгаштырылган качкындар менен сүйлөшүп,ал-акыбалы менен таанышып жатканын билдирди. Цхинвалиге эртең эрте менен жол тартышат. КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын алдында түзүлгөн депутаттык топ курамында Кыргызстандан сырткары Белорус, Казакстандын депутаттары жана аталган уюмдун баш катчысы Михаил Кротов баштаган топ жүрөт. Грузин-осетин жаңжалы орун алган аймактарды кыдырып келгенден кийин алар Москвада чогулуп, мониторинг жүргүзгөн иштери боюнча чечим долбоорун, ассамблеянын документтин даярдашмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG