Орусиялык жоокерлер ушул аптада Грузиянын аймагына киргенде салгылашууларда кластердик, же чачырама бомбаны колдонушкан. Бул тууралуу эл аралык Хьюман Райтс Уотч уюму тараткан билдирүүдө айтылат. Адам укугун коргоо боюнча Хьюман Райтс Уотч уюмунун маалыматына караганда, шейшембиде Грузиянын Руиси жана Гори шаарларына абадан жасаган соккусу учурунда орус учагы RBK-250 үлгүсүндөгү чачырама бомбаларды таштаган. “Мындан бери дегенде 11 карапайым адамдар набыт болуп, дагы бир нечеси жаракат алган” деп айтылат адам укугун коргоо уюму тараткан билдирүүдө. Кластердик же чачырама бомбанын башкалардан айрымасы - капсуласы абадан жарылганда андан бөлүнүп чыккан дагы миңдеген майда дүрмөттөрдүн жарылып жана кеңири аймакка чачырап кеткенинде.