Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Кондолиза Райс Грузияга иш сапары менен келди


Вашингтондун Грузияга колдоосун билдирүү үчүн бүгүн АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Грузиянын президенти Михаил Саакашвили менен жолугушту. Франциядан Тбилисиге келген Кондолиза Райс Парижде президент Николя Саркози менен орус-грузин жаңжалы тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Шейшембиде Саркози Орусия менен Грузия ортосундагы жаңжалда арачы болуп, Евробиримдиктин атынан аскердик өнөктүктү токтотуу долбоорун сунуш кылып, тараптар аны жактырган. Бейшембиде Парижде сүйлөгөн сөзүндө Кондолиза Райс “Биз Грузиянын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн толугу менен урматтайбыз” деп айтты.

XS
SM
MD
LG