Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Түштүк Азия: Непалдын маоисттеринин жетекчиси өлкөнүн премьер-министри болуп калды


Катмандудан алынган кабарга караганда, бүгүн Непалдын маоисттеринин жетекчиси өлкөнүн премьер-министри болуп калды. “Прачанда” (Prachanda) деген ысым менен да белгилүү болгон Пушпа Камал Дахал (Pushpa Kamal Dahal) бүгүн парламенттеги депутаттардын басымдуу көпчүлүгүнүн добушун алып, өкмөт башчылыкка шайланды. Гималай тоолорунда 240 жылдык өкүм сүргөн падышалык жеке бийлик үстүбүздөгү жылдын башында жоюлган болчу. Эми коммунисттердин жетегиндеги жумурияттык жаңы өкмөт куралмакчы. Непал маоисттери он чакты жылдан бери бийлик үчүн куралдуу күрөш жүргүзүп келген. (TT)

XS
SM
MD
LG