Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Орусиянын президент Дмитрий Медведев Грузиядагы ок атышууларды токтотуу жөнүндөгү келишимге кол койду


Бул документке кечээ Грузиянын президенти Михаил Саакашвили кол койгон болчу. Келишимге ылайык эки тарап куралдуу күчтөрүн 7-августтагы согуш башталганга чейинки жайларына кайтарып кетиши керек. Ошол эле учурда орус аскерлери Грузиянын Поти жана Гори шаарларынын чет жакасында дагы эле калып жатканы айтылууда. Лавров мырза Сочиде кабарчылар менен жолугушуусу маалында жаңы кол коюлган келишим тууралуу мындай деп айтты:
- Кечээ Михаил Саакашвили кол койгон документ Маскөөдө президенттер Медведев менен Саркози кол койгон документтен саал айырмалуу экен. Ошондуктан бул маселе дипломатиялык каналдар аркылуу такталууга тийиш.

XS
SM
MD
LG