Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:20

14:55 “Акыйкат үчүн” кыймылы күзгү иш планын талкуулаганы жатат


Кыймылдын жооптуу катчысы Солто Алишеровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда оппозициялык саясатчылардын жыйыны 20-августта өтөөрү күтүлүүдө. Анда кыймылдын жайкы эс алуудан кийинки иш пландары талкууланат. Анын катарында кыймылга мүчө партиялардын октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоого камылгалары, коомдук парламенттин келерки отурумунун күн тартиби тууралуу да сөз болот. Кыймылдын координатору Аликбек Жекшенкуловдун “Азаттыкка” мурдараак билдиргенине караганда “Акыйкат үчүн” кыйымылы өзүнүн алдында түзүлгөн коомдук парламенттин келерки отурумун сентябрь айына болжоодо. Оппозициялык саясатчылардын айрым бөлүгү коомдук парламентти айына мурдагыдай бир ирет эмес, эки ирет чогулуу, жаңы түзүлгөн бийликке сынчыл көз караштагы коомдук уюмдар менен алакаларды арттыруу демилгесин көтөрүүдө. Муну оппозицияны күчтөндүрүү максаты менен байланыштырып жатышат. "Акыйкат үчүн" кыймылы парламенттик шайлоодон кийин куралып, ага "Ата Мекен", "Асаба", "Ар-Намыс", "Таза коом" өндүү партиялар, бир катар коомдук уюмдар, саясатчылар, коомдук ишмерлер киришкен.(BuS)

XS
SM
MD
LG