Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:25

БЭЭЖИНДЕГИ ЖАРЫШ: КЫРГЫЗСТАНДЫК Ю.АРХИПОВА 58-ОРУНДА


Бээжиндеги «Чыйырчыктын уясы» деп аталган улуттук стадионунда жеңил атлетика мелдештери курч мүнөздө өтүп жатат. Тилекке каршы кыргызстандык Юлия Архипова бул ирет 58-орунду гана камсыз кылды.

17-августта эртең менен кыз-келиндер арасында марафондук 42 чакырым 195 метр аралыкка жарыш болуп, бул мөөрөй талашка кыргызстандык спорттун чебери Юлия Архипова катышты. Сексенден ашуун марафончулардан Юлия мараага элүү сегизинчи болуп келди. Ал 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 44 мүнөт, 41 секундда чуркап өттү. Бул ирет Бээжин олимпиадасынын чемпиондук наамын румыниялык жөө күлүк Константина Демоску жеңип алды.

Ал эми жеңил атлетиканын 400 метрге тоскоолдуктар аркылуу жарышы бүгүн 17-августта Бээжин убактысы боюнча кечки саат сегизде болот. Ага кыргызстандык Галина Педан катышат.

Учурда Кыргызстандын улуттук олимпиада даярдоо борборунун директору Касымкул Оболбеков мырза да Бээжинде жүрөт. Бээжин олимпиадасында эркин күрөш таймашууларына балбандар бүгүн келгени турушат. Алар кандай даярдык менен таймашууларга катышат деген сурообузга ал мындайча жооп берди:

-18-августта балбандар таразага тартылышат. 55-60 кг боюнча балбандар мелдешке чыгышат. Андан кийинки күнү биздин Арсен Кичинов күрөшөт. 21-августта болсо Алексей Крупняков тагдырын сынайт. Бул балбандардан үмүт кылып турабыз. Биздин даярдыктар жакшы эле.

17-августта кыргызстандык мерген Руслан Исмаилов дагы акыркы мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, 50 метр аралыкка мылтык атуу мелдешине катышты. Ал кыргызстандык спорт күйөрмандарынын үмүтүн, ишенимин актай албай 50 мергенден 48-орунга араң илинди.

Кабыл Макеш, Бээжин
XS
SM
MD
LG