Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

8:30 Ишенбай Кадырбековду колдоочулардын ачкачылык акциясына байланыштуу Коммунисттик партия кайрылуу кабыл алмакчы


Бул тууралуу “Азаттыкка” таңкы маектешүү учурунда парламент депутаты, Коммунисттер фракциясынын мүчөсү Гүлжамал Султаналиева кабарлады. Анын айтуусунда Коммунисттер партиясы ачкачылык акциясын толугу менен колдойт. Депутат айым Нарын облустук администрациясы тарабынан ачкачылык акциясына эч кандай көңүл бурулбагандыгына нааразылыгын билдирип, буга байланыштуу кайрылууну облустун губернаторунун атына бүгүн жиберишерин да маалымдады. Мындан тышкары Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү болуп келген Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө байланыштуу кайрылуу бүгүн Коммунисттер фракциясында кабыл алынары күтүлүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG