Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

15:10 Ысык- Атадагы окуучунун өлүмүнө шектүү деп кармалган бала боштондукта жүрөт


Бул туурасында каза болгон Жолдошбек Эгембердиевдин жакындары «Азаттыкка» бүгүн билдиришти. Алардын айтымына караганда, 31-июль күнү Чүй облустук соттун судьялары М. Жээналиев, К. Орокбаев жана Туйбаев коллегия өткөрүп, анда оор кылмыш ишин уюштурду деп шектелген Эрмек Айткыловду убактылуу бошотуу аныктамасын кабыл алышкан. Бирок тергөөчү Аман Мырзакулов судьялардын кылмыш иши менен таанышпагандыгын билдирген. Ал эми Чүй облустук соттун судьялары бул туурасында «Азаттыкка» маалымат берүүдөн баш тартышты. Жолдошбек Эгембердиевдин жакындары тергөө учурундагы мыйзам бузууларга нааразы жана алар президентке кайрылуу даярдашууда. Эскере кетчү нерсе ушул жылдын 25-майындагы бүтүрүү кечесинде 11-класстын бүтүрүүчүсү Жолдошбек Эгембердиевди 10-класстын жыйырмадан ашык окуучусу ур- токмокко алып, бычактап кетишкен. Натыйжада Жолдошбек Эгембердиев окуя болгон жерде каза болгон. (JJ)

XS
SM
MD
LG