Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:04

15:56 Түркия менен Кыргызстандын ИИМ кызматкерлери биргелешкен даярдыктан өтө башташты


Алар бүгүн Кыргызстанда “Ак атуу ыкмасы жана ага тоскоолдуктардын тактикасы” деген темада он күндүк окууга киришти. Ал эми сентябрда Түркияда “Терроризмге каршы күрөш”, “Чет өлкөлүктөр менен иштешүү” боюнча даярдыктардан өтүшөт. Коргонуу техникасын тараптар Кыргызстанда декабрь айында үйрөнүшөт. Биргелешкен мындай курстардан Кыргызстандын 131 милиционери өтөт. Мындай окутуулар Эл аралык билим берүү борборунун долбоору боюнча ишке ашууда. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМ басма сөз кызматы кабарлады. (BuS)

XS
SM
MD
LG