Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

16:22 Коммунисттер Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сурады


Мындай кайрылууну Коммунисттер партиясынын Борбордук Комитети 18-августта кабыл алды. Жогорку Кеңештин коммунист депутаты Гүлжамал Султаналиеванын билдиргенине караганда кайрылуу аркылуу партия Нарындагы ачкачылык акциясында отургандардын саламаттыгына тынчсызданып, коммунист Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү тиешелүү тараптардан сурады. Мындан мурда ушундай сунуш менен сотко Жогорку Кеңештин 11 депутаты да кайрылган.
Архиктектура, курулуш агенттигинин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбеков кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп Каржы полициясы козгогон кылмыш ишинин негизинде апрелден бери камакта отурат. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылган нааразылык акциясы Нарын шаарында 14-августтан бери уланууда. Саламаттыгы начарлагандыгына байланыштуу ачкачылыкта отурган 9 кишинин бири акциядан чыккандыгы бүгүн маалымдалды. (BuS)

XS
SM
MD
LG