Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:03

17:20 Ысык-Көлдөгү жол коопсуздугун казак-кыргыз автоинспекциялары биргелешип көзөмөлдөөдө


Алма-Ата облусунун жол полициясынын кызматкери Бакыт Жакаев 15-августтан бери Чолпон-Ата шаарында казак инспекторлору иштеп жатканын “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтуусунда, Кыргызстанда жол эрежелерин бузгандар тиешелүү мекемелерден, бийлик төбөлдөрүнүн арасында өң тааныштары көп болгондуктан тартип бузгандарды көзөмөлгө алуу мумкүн болбой калган. Ошондуктан Казаксатандын жол полициясы компьютердик радар аркылуу жол эрежесин бузгандарды теске салып жатат. Алар бир жума иштегенден кийин кыргызстандык автоинспекторлор Казакстанга барып иштешет. Белгилеп кетчү нерсе, Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүндө үч күндөн бери казакстандык полиция кызматкерлери атайын күйүп-өчкөн жарыгы бар унаалар менен кызмат үстүндө жүрүшкөнүнөн жергиликтүү бийликтер кабардар эмес болуп чыкты. (RB)

XS
SM
MD
LG