Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

“ТҮНДҮК ЭЛЕКТРО”, “БИШКЕК ЖЫЛУУЛУК ТАРМАГЫ”, БИШКЕК ТЭЦи БЫЙЫЛ САТТЫККА КОЮЛАТ


Өкмөт быйыл “Түндүк электро”, “Бишкек жылуулук тармактар” ишканасы жана Бишкек ТЭЦин сатыкка коюуга камданууда. Ал эми бул ишканалардын баасын аныктоо боюнча иштер аткарылып бүтө элек. Энергетикалык кризистин каары жакындап келаткан учурда өкмөттүн мындай планына каршы чыккандар да жок эмес.

“Түндүк электр” акционердик коому баш болгон бөлүштүргүч компанияларды менчиктештирүү аракети Аскар Акаевдин тушунда да жасалып, бирок анда оппозиция болгон, азыр бийликте турган саясатчылардын каршылыгына туш болгон.

Азыркы бийлик болсо “Түндүк электро”, “Бишкек жылуулук тармактар” ишканасына кошуп, сырттан жардамсыз иштей албаган Бишкек ТЭЦин да инвестордун колуна тапшырууга шашып турат.

Бул ишканаларды менчиктештирүүнүн алдында алардын баасын аныктоо боюнча иштер жаз айларында башталган. Бирок баалоо иши ушул кезге чейин бүтө электигин мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин стратегиялык ишканалар башкармалыгынын башчысы Абдырашит Муканбетов билдирди:

- Баасы бекиле элек. Баасы бекиле элек болгондуктан баалоочу комиссиялардын иши улантылып жатат, деген Муканбетов башка маалымат бере албасын белгиледи.

Өкмөт башчы Игорь Чудинов болсо өткөн жумада “Репортер” гезитине берген интервьюсунда өкмөт быйылкы жылы “Түндүк электро”, “Бишкек жылуулук тармактар” ишканасы жана Бишкек ТЭЦин саттыкка коерун, бирок тендерге катыша турган инвесторлор өтө аз болоорун айта кеткен.

Парламент бул ишканаларды менчиктештирүүгө уруксат берген. Демек быйыл күзүндө өкмөт бул ишканаларды сатууга алып чыгат. Мындай кадамдын зарылдыгын өкмөт чыгашалуу ишканаларды каржылоого, модернизациялоого каражаттын жоктугу менен түшүндүрүүдө. Бирок андай көз карашка каршы пикирлер да бар. Маселен, өлкөнүн мурунку өкмөт башчысы Амангелди Муралиев:

- Биринчиден сатпаш керек. Андан көрө кадр маселесин чечип, башкаруу системасынын сапатын көтөрүү керек. Талап катуу коюлууга тийиш. Тарифтерди да көтөрбөй, тескерисинче жоготууларды азайтыш керек. Ага мүмкүнчүлүк бар. Эгерде жоготуулардын көлөмүн 25% түшүрсө эле биздин энергетика системасы абдан пайда менен чыгат.

Өкмөт ошентип Бишкек ТЭЦин сатыкка коюуга камданып турган маалда бул ишкананын көп жылдан бери иштеп келаткан жетекчиси Лев Васильев кызматтан кеткени айкын болду. ТЭЦти көмүр менен камсыздоо өтө начар абалда экенин июль айынын соңунда коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаков ал ишканага жасаган сапарында аныктаган. Андан бери абал кандай экендиги тууралуу ТЭЦтин жаңы жетекчиси Сергей Бочко буларды билдирди:

- Азыр көмүр ташылып жатат. Азыркы күнгө карай 40 миң тонна чогулду. Өткөн жылдагы график менен салыштырганда ошондой эле көлөмдө көмүр чогултулду. ТЭЦти ремонттоо иштери да жүрүп жатат.

Белгилүү болгондой, кыштан чыгуу үчүн Бишкек ТЭЦине кеминде 800 миң тонна көмүр керек.

“Түндүк электро”, “Бишкек жылуулук тармак”, Бишкек ТЭЦинин менчикке өтүүсү электр энергиясы, жылуулукка баа көтөрүлүп , ал элдин турмушуна терс таасирин тийгизээри айтылып келет Коммунисттик партиянын лидерлеринин бири Орозбек Дүйшеев:

- Биздин оюбузча бул ишканаларды эптеп кудуретсиздикке алып келип, андан кийин менчикке сатуу максаты турат. Бул тарифтердин абдан кымбатташына, элдин зыян тартуусуна алып келет.

Бирок оппозициянын айрым өкүлдөрү Бишкек ТЭЦин кармоого өкмөттүн күчү келбей калганын айтып келет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG