Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

7:30 Бегалы Наргозуев: 700 миң тоннага жакын буудай алдык деген маалыматка ишенүү кыйын


ЖК депутаты, Ак Жол фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуевдин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча жер-жерлердеги дыйкандар быйыл түшүм начар болгондугун айтып, нааразылыгын билдиришүүдө. Алардын белгилегени боюнча буга негизги себеп –быйылкы кургакчылык жана сугат суунун жетишсиздиги болду. “Азыр мурдагыдай кырмандар жок, дыйкандар жыйган түшүмүн үйүнө ташып кетип, андан ары сатып атышат. Айыл чарба министрлиги маалыматтарды кайдан алып жатканы түшүнүксүз, дейт депутат. Бегалы Наргозуевдин айтуусунда “Ак Жол” партиясынын депутаттарынан түзүлгөн атайын топ түштүктөгү он беш чакты райондорду кыдырып, жергиликтүү тургундардын абалы менен таанышып келген. “Эл саясаттан алыс, кышка камылганы гана ойлоп атышат, түйшөлдүргөн суроолор –нан менен отун-суу болуп атыптыр, акимдер кышында көмүр менен камсыз кылабыз, деп убадаларын беришти, деп белгилеген депутат Жогорку Кеңеш ишин баштаган соң, дан эгиндеринин түшүмү боюнча тактоо сурап, айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигине кайрылышарын кошумчалады.
Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги 1-августка карата жалпы 655,1 миң гектар жерге айдалган дан эгиндеринин 394,4 миң гектарындагы эгин орулуп-жыйылып, натыйжада 614 миң тонна буудай жана 167 миң тонна арпа кампага түштү, деп маалымдаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG