Анда орус-грузин жаңжалына байланышкан жагдай талкууланмакчы. АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс дүйшөмбүдө сүйлөгөн сөзүндө НАТО бул маселеде бирдиктүү позицияны иштеп чыгышы керек экендигин белгиледи. Өз сөзүндө Райс АКШ Грузия менен Украинанын НАТОго мүчөлүккө өтүүсүн тездетпей тургандыгын айтты. “Бирок мурдагы пост-советтик өлкөлөрдүн Батыш менен жакындашуусуна Орусия жолтоо боло албасын НАТО Кремлге билдириши керек,”- деди Кондолиза Райс.