Бул тууралуу акциянын катышуучусу, Кадырбековду коргоо комитетинин башчысы Асыл Жаманова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында дээрлик бардык катышуучулардын кан басымы төмөндөп кетти. Ал эми догдурлар тийштүү мамиле кылбай аткандыгы өкүндүрөт дейт ал. “Мисалы кечээ Канайым Бердибаеванын кан басымы төмөндөп кетип, тез жардам аны урология бөлүмүнө алып барган. Ал жак кабыл албай коюп эптеп терапия бөлүмүнө жаткырдык. Догдурлар акциянын катышуучуларын күнүнө эки эле маал келип карап коюшат”,- деген Асыл Жаманова жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бир да жолу басып келип кабар алып коюшкан жок дейт.
Ал эми Нарын шаарынын мэри Бейшеналы Боогачиев болсо, тескерисинче, ачкачылык акциясын жарыялагандар догдурлардын көзөмөлүндө турганын, шаардык бийлик менен облустук бийликтин өкүлдөрү дайыма ачкачылык жарыялагандардын ал-жайын сурап жатышканын билдирүүдө.
Ачкачылык акциясынын катышуучулары Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы башчысы Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышууда. Кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп Каржы полициясы козгогон кылмыш ишинин негизинде Кадырбеков апрелден бери Бишкекте камакта отурат. (ES)