Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:39

13:56 №16 колонияда отургандардын жакындары укук коргоочуларга кайрылышат


Бүгүн “Акипресс” агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында №16 түзөтүү колониясында отургандардын жакындары ушундай билдирүү жасашты. Түрмөдө отурган төрт айыпкердин аялдары менен энелеринин билдиргендерине караганда, атайын багыттагы кызматкерлер менен Жаза өтөө мекемесинин жетекчилиги колониядагы киши өлтүрүү боюнча мыйзам чегинде иш жүргүзүүнүн ордуна, окуяга тиешеси жок адамдарды ур-токмокко алышты. Натыйжада кабыргасы, акыргеи сынгандар бар.Алар эки айыпкерди да түрмөдөгүлөр өлтүрдү дегенге ишенишпейт. Ур-токмоктон жакындары мерт болуп калышы мүмкүн деп кооптонгон аялдар акыйкатчы баштаган кыргызстандык укук коргооочуларга жардам сурап кайрыларын билдиришти.
14августтан 15-августка караган түнү №16 колонияда күзөттөгү эки офицер – Сапарбек Жуматаев менен Дулатбек Аденов киши колдуу мерт болушкан. Кийинчерээк Бишкектин атайын прокурору Кубанычбек Мамакеев баш-аламандыкка тиешеси бар 31 айыпкер биринчи колонияга которулганын маалымдаган. Которуштуруу маалында эки офицерди өлтүрдү деп шектелип жактан Кадырбек Адышев жана Эрмек Урманбетов мерт болушкан. Юстиция министринин орун басары Зубков маалымат жыйынында бул айыпкерлердин өздөрүнүн колунан келди деп билдирген.(BuS)

XS
SM
MD
LG