Буга байланыштуу мэр Нариман Түлеев буйрук чыгаргандыгын мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык атайын комиссия "Дордойдо" соода, тазалык эрежелеринин, жерди пайдалануу, салык мыйзамдарынын аткарылышын текшерет. Мындай чечим шаардыктардын арыз-даттанууларынын негизинде кабыл алынган. “Дордой” соода борборуна Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамытбай Салымбеков ээлик кылат. (BuS)