Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

17:28 Кыргызстан коомчулук өкүлдөрү орус-грузин жаңжалын сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырууда


Мындай кайрылуу бүгүн жарандык лидерлердин жана журналисттердин жоон тобунун атынан таратылды. Кайрылууда Түштүк Осетия менен Грузия ортосундагы жаңжал жана анын айланасындагы маалымат согушу Грузияга жана Орусияга каршы жек көрүүчүлүк маанайды өөрчүтүп, элдер ортосундагы ажырымды жаратууда деп айтылат. Кайрылууга кол койгон кыргызстандыктар аскерий адамдар менен саясатчылардын даанышман эмес аракеттери жеке эле Кавказ аймагына эмес, биздин өлкөлөргө да кесепетин тийгизиши мүмкүн деп эсептешет. Ошондуктан, алар тараптарды тегерек үстөлгө отурууга, дүйнө коомчулугун кайрылууга үн кошууга чакырышууда. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын маалыматына караганда, кайрылууга кол койгондордун катары өсүүдө. Акыркы маалымат боюнча кайрылууга өлкө аймагынан отузга жакын бейөкмөт уюмдар жана жарандар кол коюшкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG