Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

ОШ: ЖЕҢИЛ ОЙЛУУЛУК МЕНЕН ҮЙЛӨНҮП, КИЙИН АЖЫРАШКАН ЖАШТАР КӨП


Жанарбек Акаев, Ош Кыргызстанда соңку учурда үй бүлө кургандардын саны көбөйгөн менен, ажырашкандар да аз эмес. Мунун негизги себебин көпчүлүк миграциянын кесепети менен түшүндүрүп келишет. Мисалы Ош шаарынын өзүндө эле, былтыркы жылы 254 түгөй ажырашса, быйылкы жылы бирге жашоодон тажагандардын саны 281 адамга жетти.

Оштогу бакыт үйүндө Мендельсондун “Үйлөнүү маршы” тынымсыз кайталанып, көптөгөн кол кармашкан жаштарды турмуш жолуна аттантууда. Бул бакыт үйүндө азыр да никеге катталуу үчүн кезек күтүп турган жаштар арбын экенин учуратууга болот. Жарандык абалды каттоо бөлүмүнүн башчысы Светлана Жороевага үйлөнгөндөрдүн, анан ажырашкандарын саны кандай болуп жатат деген суроо салдык.

- Эгерде былтыркы жылы 790 адам никеге турган болсо, быйыл 880 киши үйлөндү. Бирок тилекке каршы, ажырашуулар да көбөйүп баратат. Былтыр 254 ажырашуу катталган, быйыл алардын саны 281 жетти. Менимче, бул аябай терс көрүнүш.

Светлана айым белгилеген ажырашуулар, бул - мыйзамдуу түрдө катталгандары гана.
Айыл жерлеринде оту күйүшпөй, эки башка жолду тандаган жаштар да арбын экени маалым. Анын себептерин Жороева мындайча түшүндүрдү.

- Тилекке каршы, ажырашуулар бул турмушта боло берет экен. Анын себебин мен миграциядан жана үй-бүлө баалуулуктары боюнча идеологиянын жоктугу деп ойлойм. Же экономикалык тартыштыктан улам, балдардын тарбиясына жакшы көңүл бөлүнбөй жатабы билбейм.

Жаш үй бүлөлөрдүн бири-биринен кол үзүүсүнө көп учурда материалдык тартыштык себеп болооруу айтылып келет. Мисалы, Акбермет менен Нурбек бир жарым жыл сүйлөшүп жүрүп, анан баш кошушкан. Бир уул бир кыздуу болуп, ата-эне бактысына да бөлөнүштү. Бирок беш жарым жыл бирге жашагандан кийин аларга эки башка жол менен кетүүгө туура келди. “Мунун баарына каражаттын тартыштыгы себеп болду,” - дейт Нурбек.

- Мен аялым менен таанышып, бир жарым жыл сүйлөшүп үйлөндүк. Бир уул, бир кыздуу болдук. Тагдырдын бешенеге жазганыбы же биздин жашоого болгон көз карашыбыз бөлөкчөбү, айтор, беш жарым жыл дегенде ажырашып отурам. Чыр-чатактын баары шаарда үйүбүз жок деген маселеден келип чыкты.

Акыркы жылдары ажырашуунун көбөйгонүнө зээни кейиген 68 жаштагы Кудайберди ата барган сайын жаштар жеңил ойлуу чечимдерге көп бара башташканын айтууда:

- Турмушту алар оюнчук катары көрүп жатышат. Жаштар үйлөнөөр алдында жок эле дегенде бир-эки ай сүйлөшүп, бири-бирин сынаш керек. Сыноодон өткөрүп үйлөнүшсө ал түбөлүктүү үй бүлө болот. Анан базарда, көчөдө же кинодо таанышып алып эле үйлөнө беришсе, албетте, бул турмушка жеңил карагандыктын белгиси!

Соңку кездерде көп сандагы жаштардын ажырашуусу коомду ажырымга кептеп, анан да тирүүлөй жетимдердин көбөйүшүнө алып келүүдө деген коркунуч бар. Бирок бул жаатта мамлекет атайын жаш үй бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында эч кандай чара колдоно элек.

XS
SM
MD
LG