Бул тууралуу орус лидери Дмитрий Медведев Франциянын президенти Николя Саркози менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирди. Медведевдин белгилешинче, 500 жоокер Грузиянын Түштүк Осетия менен тогошкон чек арасынын коопсуздук аймагында жайгаштырылмакчы. НАТОнун тышкы иштер министрлери кечээ Брюсселдеги жыйында орус аскерлери Грузиянын аймагынан чыгарылмайынча альянс Москва менен нормалдуу мамиле түзө албай турганын эскертишти. Өз кезегинде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Брюсселде кабыл алынган билдирүүнү “калыстыгы жок” документ деп атап, “НАТО кылмыштуу режимди актаганга аракет кылып жатат” деп айыптады.