Анда 5-октябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоого партиянын катышуусу, анын учурунда башка оппозициялык партиялар менен кызматташуу маселеси талкууланат. Бул тууралуу партиянын лидери Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөн декабрдагы парламенттик шайлоодогудай эмес, адилет, таза өткөрүүнүн мааниси чоң. “Ак шумкар” партиясынын саясий кеңешинин мүчөлөрү бейшемби күнү “Ата мекен” партиясынын жетекчилиги менен жолугушуп, шайлоо кампаниясы учурунда өз ара кызматташуу маселесин да талкуулайт. (AiT)