Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

10:38 Жогорку Кеңештин төрагасы Ош облусунда жумуш сапарда


Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Төрага Айтибай Тагаев Ош облусунун Кара-Суу, Өзгөн, Араван райондорунда, Ош шаарында жер титирөөдөн жана башка жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган жерлерде болуп, эл менен жолугушууларды өткөрөт. Айтибай Тагаев ошондой эле жаңы окуу жылына даярдык көрүү, социалдык-экономикалык маселелерге, эл үчүн азыркы кезде кандай мыйзамдар керектигине да көңүл бурмакчы. Төрага менен кошо Ош облусунда сапарда 14 депутат жана Эсеп палатасынын төрагасы И.Гаипкулов да жүрөт. Белгилей кете турган нерсе, Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы 1-сентябрдан башталат. Ага даярдык көрүү иштери башталууда.(AiT)

XS
SM
MD
LG