Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

14:33 Ысык-Көлдө байыркы кыштактар табылды


Ысык-Көл аймагында суу астында изилдөө иштерин жүргүзгөн экспедиция 15-августта Бишкекке кайтып келди. Кыргыз Улуттук илимдер академиясы менен Кыргыз-орус Славян университетинин тарых факультетинин айрым студенттеринин биргелешкен изилдөөсү учурунда алар көлдүн түндүк жээк бетиндеги Кара-Ой айылынан баштап түштүк бөлүгүндөгү Түп булуңуна чейин кыдырып чыгышкан. Натыйжада алар байыркы мезгилдерде адамдар отурукташкан эки айылды табышкан. Бири кайсыл доорго тиешелүү экени белгисиз, ал эми экинчиси 10-14 кылымга таандык экендиги белгиленүүдө. Ал аймактан эки байыркы көрүстөндүн дагы буюмдары табылгандыгын Улуттук Илимдер Академиясынын маалымат кызматы кабарлады. (ImA)

XS
SM
MD
LG