Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:11

18:05 Ишенбай Кадырбековду колдоо тобу уюштурган ачкачылык акциясына жаңы адамдар кошулууда


Ачкачылык акциясына Нарын шаарынын эки тургуну Бейшенбек Кыдыршаев жана Жыргал Суранова жаңы келип кошулушту. Учурда беш киши ачкачылык кармап отурат. Улан Кадырбеков акциянын биринчи күнүнөн, ал эми Мурат Осмоналиев жана Догдурбек Акматовдор кийинчерээк кошулган. Жети күндөн бери ачкачылыкта олтурган Улан Кадырбековдун ден-соолугу начарлоодо, бирок ал ооруканага баруудан баш тартууда. Нарын шаардык мэриясынын өкүлү күндө бир маал барып алардын ахыбалын билип жатышат. Бүгүн шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы да ачкачылык жарыялып отургандарга барып кетти. “Акциянын катышуучулары облустук бийликтин дымып жатканына нааразы”, - деп кошумчалады Кадырбековдун колдоочуларынын бири Таалайкүл Жусубалиева. (JI)

XS
SM
MD
LG