Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:20

18:20 Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова жолдошу Асылбек Исмаиловдун өлүмүн дарыгерлердин кайдыгерлигинен көрүп жатат


16-август күнү Улуттук госпиталдан көз жумган Асылбек Исмаилов эки күн мурда Чолпон-Ата шаардык ооруканасынан дарыланып, жакшы болбогондуктан Бишкектен медициналык тез жардам чакырылган. Маркумдун жубайы Төлөйкан Исмаилованын айтуусунда Асылбек Исмаилов ичи өтүп, кусуп реанимацияга жаткырлып, ичегиси тазаланып, кан куюлган. Ушундан кийин оорулуунун абалы начарлап, Бишкектен чакырылган дарыгерлер да дарттын дабасын аныктай алышкан эмес. “Ооруканага атайын акча төлөнсө да оорулуу дааратканага жалгыз барган боюнча эсин жоготкон” – дейт Т. Исмаилова. Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова жолдошу Асылбек Исмаиловдун өлүмүн дарыгерлердин кайдыгерлигинен көрүп жатат. Ошол себептен ал күнөөлүү дарыгерлерге тиешелүү чара көрүүнү суранып тиешелүү органдарга кайрылган.
Чолпон-Ата шаарындагы оорукананын башкы врачы Арстанбек Сооронбаев реанимация бөлүмү акысыз кызмат кылаарын айтып, Асылбек Исмаиловго биринчи медициналык жардам өз убагында көсөтүлгөнүн билдирди. (RB)

XS
SM
MD
LG