Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Польшанын аймагына америкалык ракетадан коргонуу системасынын элементтерин жайгаштыруу тууралуу келишимге кол коюлду


18 айга созулган сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилген макулдашууга АКШнын мамлекеттик катысы Кондолиза Райс жана Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорски кол коюшту. Польшанын парламенти бул келишимди жактырганда гана ал юридикалык күчүнө кирмекчи. Келишимге кол коюу алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекеттик катчы Кондолиза Райс дагы бир ирээт бул система Орусияга каршы багытталган эмес деп ырастап, ал “коргонуу” мүнөзгө ээ деп билдирди. Орусия АКШнын Польшада ракета тосуучу он калканч орнотуу, Чехияда радар станциясын жайгаштыруу планына каршы болуп келет.

XS
SM
MD
LG