Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

7:30 “Де-фактонун” башкы редактору Коопсуздук кызматына кайрылат


Башкы редактордун адвокаты Нина Зоотованын кабарлаганы боюнча бир жумадан бери баш редактор Чолпон Орозобекованы белгисиз бирөөлөр телефон аркылуу коркутуп-үркүтө башташты. Акыркы эки-үч күн ичинде мындай телефон чалуулар арбып кеткендигине байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине кайрылууну чечтик. Чолпон Орозобекованы ким коркутуп жаткандыгын аныктап беришсин,” дейт адвокат.
“Де-факто” гезитине Биринчи Май райондук соту тарабынан президенттин инисинин ар-намысы үчүн 1 млн сом айыппул салынган. Мындан тышкары Де-фактонун” баш редактору Чолпон Орозобековага атайылап жалган маалымат таратты деген негиз менен шаардык прокуратура кылмыш ишин козгогон. Буга салык тармагындагы коррупцияга байланыштуу Замира Молдоева деген аялдын кайрылуусу себеп болгон. Ушул эле кайрылуунун негизинде “Де-факто” гезитине Биринчи май райондук соту дагы 2 млн сом айып салган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG