Бул тууралуу Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин билдирди. Анын айтымында, долбоор Франция жана Орусия президенттери тарабынан макулдашылган алты пункттан турган тынчтык планына негизделди. 19-августта Орусия Грузиядан өз аскерлерин чукул арада чыгарып кетүүнү талап кылган Франциянын Коопсуздук кеңешке сунуш кылган резолюциянын долбоорун четке каккан болчу.