Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

7:00 Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо “Ак шумкар”, “Ата Мекен” , Социал-демократтар партиялары бири-бирине колдоо көрсөтөт жана ар кандай саясий акцияларда бирге аракеттенишет


Бул тууралуу “Азатыкка” билдирген “Ак шумкар” саясий партиясынын лидери Темир Сариевдин айтымында, мындай чечим кечээ “Ата Мекен” жана “Ак шумкар” партияларынын саясий кеңештеринин Бишкектеги биргелешкен жыйынында кабыл алынды. Ошондой эле шайлоо учурунда кызматташуу маселеси жакынкы күндөрдө Алмаз Атамбаев жетектеген Социал-демократтар менен талкууланганы жатат. Мындай кызматташуу маселеси буга чейин “Ата мекен” жана Социал-демократтар партияларынын ортосунда болгон. Аталган үч партия 5-октябрдагы шайлоого катышууну каалаган оппозициялык партиялар менен да сүйлөшүү жүргүзүү зарылчылыгын белгилешүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG