Бул ишти Биринчи Май райондук соту 14-август күнү карап, айрым документтердин жетишсиздигинен улам бүгүнкүгө жылдырган. Бүгүнкү сот жараянына жоопкер тарап Бириккен Фронттун мүчөсү Бектемир Акунов каза болгон учурда Нарын ШИИБда иштеген кызматкерлердин тизмесин, ал эми доогер Урмат Акунов өзүнүн Бектемир Акуновдун уулу экендигин тастыктаган документти апкелүүгө тийиш. Өткөн жылы апрель митингдери учурунда ачкачылык акциясына катышып, Нарын шаардык милициясынын имаратында табышмактуу өлүм менен каза тапкан Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акунов моралдык жана материалдык жактан жапа тарткандыгы үчүн ИИМ менен каржы министрлигин сотко берген.(ZKo)