Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Ооганстандын Лагман вилайетинде АКШ коалиция күчтөрүнүн абадан урган соккусунан он жайкын тургун мерт кеткен


Бул тууралуу жергиликтүү аткаминерлер билдирүүдө. АКШ аскер командачылыгынын басма сөз өкүлү бул окуя тууралуу эч кандай маалыматка ээ болбогонун айтты. Мунун алдында АКШ күчтөрү менен ооган жоокерлеринин биргелешип өткөргөн аскердик өнөктүгү учурунда 30 талип жоочулары өлтүрүлгөнү маалымдалган. 18-августта болсо кечке жуук Кабулдан 60 чакырымдай чыгышта франциялык жоокерлер согушкерлердин буктурмасына кабылып, айыгышкан салгылашта 10 жоокер мерт кетип, дагы 21 аскер жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG