Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков билдирди. Министрдин айтымында, бүгүнкү күндүн соңуна чейин Грузиянын аймагына киргизилген орус аскерлери негизинен мурдакы позицияларына кайтарылат, бирок айрым бөлүктөр “коопсуздук зонасы” катары белгиленген аймактарда калат. Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Рейтер маалымат агенттигине Орусия өз сөзүнө турарынан күмөн санарын билдирди.