Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:40

10:30 Түштүк Кореяда Ички иштер министринин кеңешчиси алдамчылык кылган деген шек менен кармалды


Мындай маалыматты «24.kg» агенттиги Chosen.com басылмасына шилтеме жасап таратты. Маалыматка караганда, Ички иштер министринин кеңешчиси Александр Лимден Түштүк Кореяда алты адам жабыр тарткан. Алардын чыгымы 200 миң. АКШ долларын түзгөн. Шектелип жаткан Александр Лим 2000-жылы Түштүк Кореяны таштап кетип, Кыргызстанга келип байыр алып, үйлөнгөн экен. Анын Кыргызстанда мейманкасаы жана ресторан бизнеси бар шекилдүү. Түштүк Кореянын тартип коргоо кызматы 20-августта Александр Лимди манжаларынын белгилери аркылуу тактап кармаган. Бул боюнча ИИМдин тиешелүү кызматы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат, деп аталган министрликтин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти. (AJ)
XS
SM
MD
LG