Илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматына караганда, 21-августта жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:19 зилзала болуп, анын очогу Тескей Ала-Тоосунун аймагында күчү 5 баллга жеткен. Балыкчы шаарынан 50 чакырым түштүк-чыгышта орун алган Лахол, Туура-Суу, Жер-Көчкү айылдарына жакын жерде жер титирөөнүн күчү 5 балл, Балыкчыда 3 балл болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда кыйроолор жана жабыркагандар жок. Учурда зилзаланын кесепеттери тиешелүү кызмат тарабынан иликтенүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин нөөмөт бөлүмүнөн билдиришти. (AJ)