Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:06

13:55 Электр кубаттуулугун өчүрүү 26-августка болжолдонууда


21-августтан баштап “Түндүк электро” акционердик коому электр энергиясын үнөмдөөгө өтмөк. Ага ылайык Бишкек шаары төрт районго, Чүй, Талас облустары айыл-айылга бөлүнүп, маал-маалы менен өчүрүлүп турмак. Бирок, электр жарыгы азырынча өчүрүлгөн жок. 26-августта кышкы сезонго болгон даярдык боюнча республикалык штабдын жыйыны өтөт. Анда өкмөттүк комиссиянын отчетуна ылайык чечим кабыл алынат. Электр жарыгы качантан баштап өчүрүлөөрү азырынча белгисиз, деп Өнөр-жай, энергетика жана отун-ресурстары боюнча министрликтин статс-катчысы Баатыркул Баетов бүгүн “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. (ImA)

XS
SM
MD
LG