Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:07

16:50 Ички иштер министри М.Конгантиевдин кеңешчиси Түштүк Кореянын полициясы тарабынан кармалды


Мындай маалыматты «24.kg» агенттиги Chosun басылмасына шилтеме жасап, андагы жазылган материалдын котормосун басып чыкты. Анда Түштүк Кореянын атуулу Им аттуу жигит (Кыргызстанда Александр Лим деп таанылган) алдамчылык кылгандыгы үчүн Кванжу районунун полициясынын Пукпу бөлүмү тарабынан мындан жети жыл мурда издөөгө алынгандыгы жазылат. Им 2000-жылы мартта Кванжуда копмьютердик программа боюнча иштеп өнөктөштөрүнүн 200 миң АКШ долларын өзүнө ыйгарып алган. Тергеп иликтөөнүн жыйынтыгында Им Кытай аркылуу Кыргызстанга келип, жергиликтүү кызга үйлөнүп, ысымын Алксандр деп өзгөртүп Кыргызстандын атуулдугун алып, жогорку билимдүү милиция кызматкери болуп, Ички иштер министринин кеңешчисине чейин жеткендиги маалым болгон. Басылмадагы материалда Александр Лим Корея республикасына Кыргызстандын ички иштер министринин аялын жана уулун коштоп барган жерден манжаларынын белгилери аркылуу полицияга колго түшкөндүгү көрсөтүлгөн. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан болсо Chosun басылмасына чыккан материал боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG