Жаңы окуу жылына карата Нарын облусунда жалпысы 5656 мугалим мектеп босогосун аттайт. Ал эми мугалимдердин өксүгү 133тү түзөт. Мындай маалыматты облустагы акимчиликтин башкы адиси Исак Орозалиев билдирди. Жетишпеген мугалимдердин теңме-тени Жумгал районуна туура келет. Жумгал районунун акиминин орунбасары Зина Мадиеванын телефон аркылуу берген маалыматы боюнча райондо 65мугалим жетишпейт. Орус, англис тилдери, математика, физика мугалимдери менен катар башталгыч класстын мугалимдеринин дагы өтө таңсыктыгы сезилүүдө дейт Исак Орозалиев. (KUs)