Кыргыз республикасынын президенти Курманбек Бакиевди жалпы элдик кол коюу аркылуу саясий импичмент ыкмасын козгоп – президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча кол чогултуу баракчасы 20-августтан баштап республика боюнча таратыла баштады, деп билдирди “Азаттыкка” Коорупцияга каршы күрөшүү кыймылынын лидери Назарбек Нышанов. Анын айтымында, президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүүгө анын антиконституциялык жол менен расмий бийликти ээлеп алгандыгы, А.Акаевди жана акаевдик системанын кылмыштарын жаап-жашыргандыгы, стратегиялык обьектилерди, ГЭС, кендерди жана жерлерди сатып жибергендиги, сөз эркиндигин, адам укугун чектеп, демократиялык баалуулуктарды жоюп, тоталитардык режимди түзгөндүгү себеп болгон. Баш мыйзамдын үчүнчү главасынын экинчи бөлүгүндөгү 51-беренеде “президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча депутаттардын кеминде үчтөн экисинин добушу менен жана Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо кабыл алынууга тийиш” экендиги жазылган.
18:15 Н.Нышанов: Президентти мөөнөтүнөн мурда кетирүү боюнча кол чогултуу баракчасы таратыла баштады