Ишенгүл Болжурованын “Сүйүктүү Кыргызстаным” деп аталган сабагы УТРК аркылуу көрсөтүлөт. Сабак адеп-ахлакка тарбиялоону жана балдарда Мекенге болгон сүйүүнү арттырууну көздөйт. Билим берүү министри окуучуларга Кыргызстан тарыхы, маданияты жана кооз жаратылышы тууралуу токтолмокчу. (EK)