Бишкек мэри менен болгон жолугушууда конуштагы көптөн бери чечилбей келген жол маселеси козголду. Арча-Бешик конушундагы атайы жол үчүн каралган жер тилкеси 2005 - жылы басылып алынган. Конуш тургундары бүгүн мэрге бул туралуу өз арыз-муңдарын айтып, мэр эмки жумадан тарта конуштагы жол маселеси жолго салынаарын билдирди. Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы бул үчүн бюджеттен 25 миллион сом каралганын маалымдайт. Башкармалыктын билдирүүсүндө Бишкектин чет-жаксаныда жайгашкан 47 конуш жолдору үчүн бюджеттен баш-аягы 620 миллион сом эсебинде бөлүнүүдө. (EK)