Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

17:18 “Алиби” гезити эмки жумадан тарта кайра жарыкка чыгуусу күтүлүүдө


Келаткан шейшембиге гезиттин кезектеги санын чыгарууга даярдык көрүлүп жатканын “Азаттыкка” басылманын башкы редактору Бабырбек Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, гезиттин эки миң нуска менен чыккан кечээки саны сот аткаруучулар тарабынан толугу менен камакка алынып, окурмандарга жеткен жок. Гезит буга чейин адам өлүмүнө алып келген автокырсыкка президенттин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин тиешеси болушу мүмкүндүгү тууралуу макала жарылаган эле. Мындай макаланы “Де-факто” гезити да баскан. Быйыл 26-февралда Асылбек Салиев бул макалалар адамдык абийирине жана ар-намысына доо кетирди деп эсептеп, аталган гезиттерден 1 миллион сомго чейин айып пул өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылган. Биринчи май райондук соту 8-июнда ал арызды канааттандырып, бул гезиттерди 1 миллион сомдон айыпка жыккан. Кийинчерээк шаардык сот аны күчүндө калтырган. Мындай чечимге макул болбогон гезит жетекчилери Жогорку сотко кайрылышкан, бирок жогорку сот аны качан караары белгисиз.

7-августта болсо Биринчи май райондук соттун сот аткаруучуларынын көрсөтмөсү менен “Алиби” гезитине тиешелүү мүлк камакка алынган. Ага сотттун он күндүн ичинде Асылбек Салиевдин эсебине бир миллион сомду которуп коюу тууралуу токтому себеп болгон. (SM)

XS
SM
MD
LG