Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:35

БАЛДАР КИЙИМ-КЕЧЕЛЕРИНИН, ОКУУ КУРАЛДАРЫНЫН КЫМБАТТЫГЫ АТА-ЭНЕЛЕРДИ ООР АБАЛГА КАЛТЫРУУДА


Ушул тапта ата-энелер жаңы окуу жылына карата катуу камылга көрүп жатышат. Бирок кийим-кечелердин, окуу куралдарынын баалары айрым ата-энелердин чөнтөгүнө чак келбей кыйноодо. Ар жекшемби сайын обого чыгуучу “Адам жана базар” аттуу экономикалык программабыздын бүгүнкү чыгарылышында мына ушул маселе тууралуу кеп болмокчу.

БИР БАЛАГА КИТЕП-ДЕПТЕР АЛУУ ҮЧҮН 1000 СОМ КЕТЕТ, КИЙИМ-КЕЧЕСИНЕЧИ?

Cаналуу күндөрдөн кийин бардык орто мектептерде кайрадан коңгуроо үнү жаңырып, жаш жеткинчектер үчүн эшигин ачат. Азыр бул күнгө карата балдарын даярдап жаткан ата-энелер үчүн дагы бир түйшүк башталды десек жаңылышпайбыз. Ушул тапта дээрлик бардык базарларда балдарына мектепке кийүүчү кийим-кечеден тартып, китеп-дептер сыяктуу окуу куралдарына чейинки бүт керектүү буюмдарын сатып берип жүрүшкөн ата-энелерди жолуктурууга болот. Кийим-кечелер жана окуу куралдары ар бир базарда ар кандай баада. Сапатынын жогорулугуна, даярдалган аймагына жараша баалары да түрдүү. Алсак, балдарына арзаныраак баада сапаттуу тигилген кийим-кечелерди алып берүүнү каалаган ата-энелер көбүнчө Бишкектеги ири дүң базар “Дордой” базарына барышат. Аталган базарда башталгыч класстагы балдардын костюмдары 300 сомдон жогору. Ак көйнөктөр 150 сомдон башталат. Кыздардын ак кофтасы 250 сомдон тарта, юбкасы 300 сомдон өйдө. Ал эми бут кийимдер сапатына жараша 300 сомдон 1500 сомго чейин турат. Балдар мектепке көтөрүүчү китепкаптар 250 сомдон 600-700 сомго чейин.
Ал эми окуу куралдары Бишкектеги “Ош” базарында арзан сатылаары айтылып келет. Быйыл 12 барактуу дептерлер 2,5 сомдон 3 сомго чейин. Көп барактуу, калың тыштуу дептерлер 15 сомдон 30-40 сомго чейин. Быйылкы жылы балдардын кийим-кечектерине жана окуу куралдарына баалар өзгөчө кымбаттап кеткендигин белгилешет ата-энелер.

Мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү мектеп формасынын жок болуп жаткандыгы да бир нече жылдардан бери көпчүлүк ата-энелердин нааразылыгын туудуруп келет. Быйылкы жылы илим жана билим берүү министрлиги башталгыч класстар үчүн бирдиктүү мектеп формасын кийирүү тууралуу чечим кылган. Министр Ишенгүл Болжурованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча мындай бирдиктүү мектеп формасынын киргизилиши баланын аң-сезимине жана билимди кабыл алуусуна да оң таасирин тийгизет:

-Бирдиктүү форманы киргизели деген чечимди мен эң туура деп ойлойм. Балдар үйдө болбосо да мектепте бирдей жүрүүгө тийиш. Анда байы да, кеми да болбойт. Бул өз кезегинде балдардын жакшы билим алуусуна шарт түзөт,

-дейт Ишенгүл Болжурова.

Жаш жеткинчектердин кийим-кечектери, окуу куралдарынын баалары быйыл өзгөчө өскөндүгү биздин аймактарыбызда да байкалууда. Жаңы окуу жылы жакындаган сайын Жалалабат облусунун тургундары өздөрүнүн чама-чаркына жараша уул-кыздарын мектепке даярдашууда. Мектеп окуучуларынын кийими менен билим алууга керектүү болгон калем сап, окуу китептеринин баалары да ар түрдүү. 6-7-8- класстардын окуучу кыздарын сураштырганда алардын ата энелери калемсап, дептерлерди 250--300 сомго сатып алышканын билдиришти. Жалалабат шаарындагы №14- мектеп-гимназиясынын башталгыч класстар боюнча окуу болумунун башчысы Райкан Абдрахманова кыргызча окуу китептери жагында көйгөлөр аз экендигин айтып, орусча китептер былтыркыдан кыйла кымбаттап кеткендигин айтып берди:

-Кыргыз класстар үчүн берилди. Мектептерге таратып атабыз. Орус класстарга кыйыныраак болууда. Формалар азырынча жок, окуу башталгандан кийин ата-энелердин жардамы менен балдарды камсыз кылабыз.

-деген Райкан Абдрахманованын ырасташынча калемсап, дептер, китептердин баалары ар түрдүү.

Жалалабат шаарынын борбордук базарында 5-класстын окуучуларынын китептери 150 сомдон 250 сомго дейре сатылууда. Алиппе дептери 25 сом, калемсаптар 2 сомдон 10 сомго чейин, сумкалар 150-200 сом. Жазма дептер 3 сомдон. Базардагы окуу куралдарын саткан сатуучу Аблаз Дармановдун жообуна караганда кыргыз китептерине суроо-талап аз болууда. Ар бир окуу куралына 50 тыйындан 2-3 сомго дейре кошумча кошулуп сатылат:

-Кыргыз китептери дагы көп кымбаттаган жок. Бирок Орусиядан келген орус тилиндеги окуу китептери, дептерлер опсуз кымбаттап кетти. Былтыр эки сом болсо, быйыл үч сомдон болуп атат. Ручкалар да Орусияныкы кымбат. “Дордой” базарында кымбат берип атышат. Кытайдын продукциялары арзан баары бир.

Шаардын кийим-кече, дүр-дүйнө саткан базарында иштеген Гулзат Абсаматова өкмөттүн мектеп окуучулары үчүн жаңы кийим чыгарганына ыраазылык билдиргени менен ал формалардын бааларында кыйла айырма бар экендигин кошумчалады:

-Анткени ата-энелер мектеп аркылуу сатылуучу кийим-кечелерден көрө базар буюмдарынын баасы кыйла арзан учун артык көрүшүүдө. Анын баамында өкмөт аркылуу бөлүнүп сатылуучу окуучулардын формалары начар тигилип, балдарга анча чак келбей атыптыр. Окуучулардын мектеп формаларын өкмөт балдар жайкы каникулга тараган чактан тарта камдай баштаса, жаңы окуу жылына камылгалуу кирет болчу,

-деген оюн ортого салды жеке ишкер Гулзат Абсаматова.

БИРДИКТҮҮ МЕКТЕП ФОРМАСЫНДАГЫ ӨЛКӨНҮН ЭНБЕЛГИЛЕРИ БАЛДАРДЫН АТУУЛДУГУН АРТТЫРАТ

Жогоруда айтылгандай быйылкы жылы башталгыч класстарга бирдиктүү форма кийгизүү тууралуу илим жана билим берүү министрлиги чечим чыгарган. Бирок азырынча бул мектеп формасынын үлгүлөрү даярдалып, кээ бир мектептерге таратылганы менен бардык окуучулар Билим күнүндө бирдей кийинип мектепке барууга жетишпей калган сыяктуу. Айрым мектеп жетекчилеринин айтуусунда окуу жылы башталса, ата-энелердин жардамы менен башталгыч класстар үчүн бирдиктүү форма тигилет. Ош шаарындагы Абдурайым Алиев атындагы орто мектептин башталгыч класс окуучулары да 1-сентябрь күнү салт болуп калгандай ак көйнөк, кара шым же юбка кийип барышат. Мектеп жетекчиси Махбурат Маматалиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча окуу жылы башталгандан кийин окуучулар бардыгы окшош типтеги формалар менен камсыз болушат:

-Биздин мектептин башталгыч класстарына даяр форма жеткен жок. Окуу башталса балдардын боюна ченеп, баарына окшош типте форма тиктиребиз деп турабыз. Үлгүлөрүн көрсөтүштү. Дал ошол үлгүдө окшош кийимдер менен камсыз болушат.

-Мектеп директору Махбурат Маматалиеванын айтуусунда окшош мектеп формаларынын болгону ата-энелер үчүн да, балдар үчүн да жакшы болот:

-Ата-энелер буга чейин деле бизден сурап, “качан бирдиктүү форма болот,?” деп кайрылып жүрүшчү. Биз мектептин уставына ылайыктап мурда да окшош кийиндирүүгө аракет кылып келчүбүз. Балдардын баарына бирдей форма болгону ата-энелер үчүн, балдар үчүн да жакшы. Баары тең болушат. Бизге да талап кылганга жакшы. Дагы айта кетүүчү нерсе: бирдиктүү форманын үлгүсүндөгү Кыргызстандын туусу, эн белгилери түшүрүлүп тигилгени жакты бизге. Бул балдардын атуулдугун, мекен сүйүү сезимин туудурат. Мына ушундай форма менен балдар өздөрүн мектеп окуучусу катары сезе алышат, деп ойлойм.

Замира Кожобаева, Бишкек

XS
SM
MD
LG