Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

17:38 Бүгүн Коррупцияга каршы күрөшүү кыймылы “Алиби” гезитин колдоого үндөп элге кайрылуу жолдоду


Анда бийлик сот аркылуу “Алиби” гезитин жабуу аракети катары баалап, өлкөдө сөз эркиндигинин кысымга алынып, эл чындыкты, акыйкатты, адилетүүлүктү айтуу укугунан ажыратылып барат деп белгиленген. Кайрылууда, бийликке “Алиби” гезитинен колун тартууну талап кылып, Кыргызстан элин демократия үчүн күрөшкө чыгууга бардыгы милдеттүү экендиги айтылган. Быйыл 26-февралда президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев болсо жол кырсыгынан адам өлүмүнө себепкер деп өзү жөнүндө “Алибиге” жана “Де-факто” гезиттерине чыккан макалаларды, адамдык абийирине жана ар-намысына доо кетирди деп эсептеп, аталган гезиттерден 1 миллион сомго чейин айып пул өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылган. Биринчи май райондук соту 8-июнда ал арызды канааттандырып, бул гезиттерди 1 миллион сомдон айыпка жыккан. Кийинчерээк Бишкек шаардык сот аны күчүндө калтырган. Биринчи май райондук соттун сот аткаруучулары “Алиби” гезити соттун чечимин аткарбай жатат деп гезитке тиешелүү мүлктүн баарысын камакка алышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG