Президенттин мамлекеттик кеңешчиси Токон Мамытовдун кырсык болгон жерде айткан маалыматы боюнча, учактын ичинде 83 адам жүргүнчү катары, 6 киши экипаждын мүчөсү, бир адам жарандык авиация департаментинин кызматкери катары болгон. Алардын 50 чактысы Ирандын жарандары, 2 киши Канаданын, Казакстандын 3 адамы, Кытайдын жарандары болгон. Ал эми 24 киши кыргызстандык, мындан тышкары учакта Түркиянын да жарандары болгон. Т.Мамытовдун маалыматы боюнча, 15-17 адам тирүү калган. "Бул терракт эмес, - деди ал, - алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка учактын кыймылдаткычы бузулганы себеп болгон". Бул тууралуу кырсык болгон жерден кабарчыбыз Бүбүкан Досалиева билдирди. (КО)