Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

9:25 Министр Ташиевдин Давоско барар-барбасы белгисиз


Бүгүн Давос шаарында Борбор Азиядагы жаратылыш кырсыктарын алдын алуу маселелерине арналган эл аралык конференция ишин баштайт. Ага Кыргызстандан Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев баштаган делегация катышаары болжолдонгон. Министр Ташиевдин Давоско барар-барбасы тастыктала элек. Камчыбек Ташиев түндө Бишкекте учак кулаган жерде болду жана кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча комиссиянын төрага орун басары болуп дайындалды.
Бир жумага созулчу эл аралык конференцияда Кыргызстан Уу зат калдыктарын зыянсыздандыруу маселесин көтөрмөк. Конференциянын алкагында кыргыз делегациясы БУУнун айлана-чөйрөнү коргоо долбоорунун өкүлдөрү менен Давосто жана Женевада жолугушаары болжолдонгон. (BuS)

XS
SM
MD
LG