Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

11:10 Учурда ооруканада кечээки авиакырсыктан жаракат алган 18 адам жатат


Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов билдирди. Алардын сегизи Кыргызстандын, ону Ирандын жарандары. Ооруканада жаткан бул он сегиз адамдын үчөөнүн абалы өтө оор. Мындан сырткары дагы беш киши денеси 60-70 пайыз күйгөн абалда. Авиакырсыктан соң жалпысынан ооруканага жаракат алган 22 адам түшүп, алардын төртөө тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө чыгарылды. Алардын үчөө Кыргызстандын, бирөө Ирандын жараны. Бул кырсыктан жабыркагандарды дарылоо үчүн Бишкек шаар бийлиги 1 миллион сом каражат бөлдү.(SM)

XS
SM
MD
LG