Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Имат Исаков «Азаттыкка» маалымдашынча, Ленин чокусунун 4200-бийиктигинде Болгариянын жараны, 28 жаштагы Васил Александровдун сөөгү табылды. Оштогу медициналык эксперттер аныкташкандай, чет өлкөлүк альпинист жүрөгү кармап каза тапкан. Айтмакчы, маркумду издеген топ мурун өлгөн кишилердин да сөөгүн көрүшкөндүгү белгилүү болду. Ал жакка атайын адистер жөнөтүлдү. Жергиликтүү талдоочу Эркин Абдыразаковдун баамында, жогорудагы окуя биринчиси эмес. Чоңалай чокуларында жыл сайын ондогон туристтердин өмүрү кыйылат. Ошол себептүү бул аймактагы жеке альпинисттик лагерлерди туризм агенттигинин карамагына өткөрүп, куткаруучулар жана атайын техникалар менен жабдымайынча, акыбал жакшырбайт. (АТо)