Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

18:15 Ысык-Көлдөгү жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнө 5 саясый партия көз салат


5-октябрда белгиленген жергиликтүү кеңештердин шайлоосу Ысык-Көлдүн 5 район, 1 шаарында өтөт. Балыкчы шаардык шайлоо комиссиясынын курамына “Коммунистер” партиясы, Ысык-Көл районуна “Ата Мекен”, Жети-Өгүзгө “Жаңы Кыргызстан” менен “Социал демократтар” партияларынын өкүлдөрү катталды. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Баттал Бозгөрпөевдин айтуусунда, ар бир районго партиялардын бирден өкүлдөрү байкоо жүргүзөт. Учурда “Ак жол” партиясы 5 районго мүчөлөрүн бекитти. Райондорго 161 депутат ат салышат. Ал үчүн 226 шайлоо участкасы түзүлүп атат. Ысык-Көлдөгү шайлоо өнөктүгүнө 6 млн. сомдун тегерегинде каражат жумшалаары маалымдалды.(RB)

XS
SM
MD
LG